Сокулук районунда кулчулукта кармалып келген аял бошотулду (видео)

878

Чүй областынын Сокулук районунда 5 айдан бери кулчулукта кармалып келген деген аял бошотулду. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди. Айтымында, аталган райондун борборундагы үйлөрдүн бириндеги наабайканада бир эле маалда 3 аял иштеген. Алар эмгеги үчүн бир сом албагыны аз келгенсип, суткасына 20-22 саатка чейин иштөөгө мажбур болуп, ур-токмокко кабылып турушкан.

Барынан кызыгы, бул окуя 2 апта мурда эле ачыкталып, жабырланган тарап факты боюнча Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына кайрылышкан. Бирок андан бери тартип сакчылары тарабынан эч кандай жооп боло элек экен.