Сокулук районунун милиционерлери көчөдө калганы турат (видео)

757

Талаш жараткан имарат. Чүй областынын Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн милиционерлери көчөдө калганы турат. 25 жылдан бери азыркы имаратты ижарага алып келген ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери эми аны бошотуп бериши керек. Анткени имарат Ысык-Көлдү сактап калуу эл аралык фондуна таандык.

Эки тарап бул маселенин айынан бир нече жолу соттошуп, фемида өкүлдөрү фонддун пайдасына чечим чыгарып беришкен. Ал эми Сокулук райондук Ички иштер бөлүмү имаратты оңдоо үчүн 3 миллион сом коротушканын айтып, аны бошотуудан баш тартышууда.