Сокулук районунун Новопавловка айылындагы көчөлөрдү суу каптады

679

Катуу жааган жамгырдан улам, Чүй областынын Сокулук районунун Новопавловка айылындагы көчөлөрдү суу каптады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти. Алардын айтымында, мындай көрүнүш 2 күн мурда да катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, бул боюнча мекемеге билдирүү келип түшкөн жок. Бирок алар жеринен тактай турганын айтышты.

Азырынча канча үй-жайды суу каптаганы жана андан жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Бул көрүнүш аймакта дренаждардын жоктугунан же алардын иштен чыгуусунан улам келип чыгышы мүмкүн, дешет адистер.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.