Сокулукта лицейге бөлүнгөн каражаттардын сарпталышы текшерилет

814

Ата-энелерден 29 миллион сомго жакын акча чогулткан мектепти прокуратура текшерүүгө ала баштады. Эске салсак, эки апта мурда Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы №1 окуу-билим берүү лицей-комплексинин окуучуларынын ата-энелери окуу жайдын алдына нааразычылык акциясына чыгышкан. Анда алар мектеп жетекчилигинен чогултулуп жаткан акчалар боюнча отчет берүүсүн талап кылышкан.

Ата-энелердин айтымында, алар айына ата-энелердин фондуна, кошумча сабактар жана ысык тамак үчүн ар бир окуучудан 700 сомго чейин чогултушат экен. Бирок бул каражаттардын сарпталышы боюнча отчетту лицей жетекчилигинен ала албай келишкендиктен, ата-энелер укук коргоо органдарына кайрылышкан. Мындан кийин Сокулук райондук прокуратурасы лицейге бөлүнгөн каражаттардын сарпталышын текшере баштаганы маалым болду.

Ошондой эле, ата-энелер Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылууну да пландап жатышканын айтышты. Буга кошумча алар бул маселе менен кийинки шаршемби күнү Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыга турганын билдиришүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.