Сокулукта май ташыган поезд оодарылып кетти (видео)

829

Чүй областынын Сокулук районунун аймагында күйүүчү май ташыган поезддин эки цистерна-вагону рельстен чыгып кетти. Андан эч ким жабыркаган эмес. Кыргыз темир жолу ишканасынан кабарлашкандай, жерге солярка төгүлгөн жок. Кызматкерлер аны дароо унааларга куюп алууга жетишишти. Темир жол каттамы токтотулбай, убагында калыбына келтирилген. Вагондордун рельстен чыгып кетишинин себебин иликтөө боюнча комиссия түзүлдү.