Сокулукта он жаштагы кызды зордуктаган адамга издөө жарыяланды

779

Ички иштер министрлиги шектүүнүн фотороботун таратып, ал жөнүндө маалымат билгендерди жардамдашууга чакырууда. Чуй облусттук милиция кызматкерлери билдиргендей, бул фоторобот базардагы көзөмөл камераларынан алынган маалыматтар жана жабырлануучунун өзүнүн айтымы боюнча түзүлгөн.

Өзгөчө белгилери: азиат тегиндеги жашы 30-40тын ортосундагы эркек киши. Арык чырай, кара-тору, бою болжол менен 165-170 сантиметр. Чачы кара, кээ бир үстүңкү тиштери жок. Үстүндө кызыл футболка, кара спорттук шым, бутунда кочкул жашыл сланцы.

Эскерте кетсек, окуя бир жума мурда, 10-июлда күндүз Сокулуктун базарында болгон. Соода кылган энесине жардамдашып жүргөн кыз дааратканага барганда зордукталганын анын жакындары айтышкан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда зордуктоого кабылган кыз менен психологдор иштеп жатат.