Сокулукта оор кылмыштарга шектүүлөр качышты (видео)

953

Бүгүн Чүй областынын Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагынан оор кылмыштар боюнча шектелген төрт айыпталуучу качып кетти. Алар эртең мененки саат алтыларда чыгып, из жашырышкан. Айыпталгандар темир тордон кандайча качып чыкканы азырынча ачыкталган жок. Кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча Чүй областында жана Бишкек шаарында “Сирена” планы жарыяланды. Ал арада интернет басылмалары май куюучу жайдын байкоочу камерасына түшкөн үч адамдын тасмасын таратышты. Видеодогулар Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө изоляторунан качкандар болушу мүмкүн, деп божомолдонууда.