Сокулукта жергиликтүү кеңештин депутаты ур-токмокко кабылды

732

Чүй областынын Сокулук районунда жергиликтүү кеңештин депутаты ур-токмокко кабылды. Маалыматтарга караганда, милицияга маалымат түшүп, анда жергиликтүү тургунду бир топ адамдар сабап жатканы айтылган. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, медициналык кароодон өткөн. Анда анын колуна жана белине темир нерсе менен урулганы белгилүү болгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында, милиция кызматкерлери бул окуяга шектүү деп 38 жаштагы адамды кармашкан. Анда шектүү адам 4 ай мурда жабырлануучу менен анын аялы жакын мамиледе болуп кетип, анын айынан ажырашууга туура келгенин жана ушул ишке барганын айткан.

Бул окуя боюнча факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине «бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.