Сокулуктун убактылуу кармоочу жайынан 4 адам качып кетти

729

Бүгүн эртең менен Чүй областынын Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан 4 киши качып кетти. Алар адам өлтүргөн, каракчылык кылган деп айыпталып камакта болушчу.

Бүгүн саат алтыларда 38 жаштагы Бакыт Дилдешов, Рамил Базаркулов, 28теги Кайрат Жанботоев жана 33 жаштагы Багтият Ачылдурдиевдер качып чыгып, из жашырышкан. Учурда аларды кармоо боюнча план жарыяланды. Посттор күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайдан кантип качып чыкканы тууралуу азырынча маалымат ачыкталган жок. Бул ишке юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү материалдар прокуратурага жөнөтүлгөн.