Сол чөнтөккө кеткен ооруканалардын акчалары (видео)

1636

Пандемия маалында өлкө боюнча 6 оорукана салынды. Үчөө өлкө бюджетинен бөлүнгөн акчага курулса, калгандары Өзбекстандын жардамы менен тургузулган. Ал эми бейтапканаларды куруу үчүн сырттан келген кредит-гранттардын жарымынан көбү желип кеткени ачыкка чыгууда.

Бул тууралуу президент Садыр Жапарови “Азаттыкка” берген маегинде айткан. Жакында Бишкекте дагы бир заманбап оорукана салынганы турат. Аны Катар мамлекети жардам иретинде куруп берет. Тендер өткөрүүнү да өздөрү көзөмөлдөй турган болушту.