Соль-Илецктеги кыргызстандыктар автоунааларын токтотмолорго калтырышы керек

5031

Казакстан Россия-Казакстан чек арасында топтолуп турган кыргыз мигранттарына бир жолку транзиттик жол ачып берүүгө макул болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлайт. Мекеменин маалыматына караганда, казак тарап 30-апрелге карата ошол жерде тургандар гана өткөрүлөрүн, андан кийин чек ара кайра жабыларын билдирди.

Кыргызстандыктар атайын уюштурулган автобустар менен гана ташыларын, андыктан жеке автомашинасын ар бири ошол жактагы токтотмолорго калтырышы керек деген шарт койду. Автобустар Казакстандын аймагынан кыргыз чек арасына чейин атайын медициналык коштоо менен өтөт.

Россиянын шаарларынан автоунаа менен жолго чыккан 200дөй кыргыз жараны коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан Оренбург облусундагы Казакстан-Россия чек ара тилкесинде турганына 1,5 айга чамалады. Мындагы Соль-Илецк аймагындагы чек ара өткөрмөсү 17-мартта жабылып калган. Аталган жарандардын Кыргызстанга өтүп кетишине Казакстан уруксат бербей жаткан.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев алар кыргыз чек арасына жеткенче Казакстандын 2 миңден ашуун чакырымын, төрт облусун аралап өтөрүн, андыктан коронавирустун жайылуусуна кооптонгон казак тарап өткөрүүдөн карманып жатканын, бирок сүйлөшүүлөр жакшы натыйжага жакындаганын 29-апрелде билдирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.