Солярка тартыш болуп, айрым жерлерде ченеп берилүүдө (видео)

1724

Кыргызстанда солярка тартыш болуп, айрым жерлерде ченеп бериле баштаганы айтылууда. Мунун кесепетинен жакынкы күндөрү дизель отунунун баасы дагы көтөрүлүшү мүмкүн деген кооптонуулар бар. Ал арада Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги нефтетрейдерлерди наркты негизсиз көтөрүүдөн алыс болууга чакырып, абалды оорлотпоону эскертти. Бирок май ташыгандар мамлекет салыктардан бошотпосо, бааны тескөө мүмкүн болбой каларын айтышууда.

Буга чейин нефтетрейдерлер жакын арада Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы он сомго кымбатташы мүмкүн деп билдирүү тараткан. Ал эми салык боюнча жеңилдиктер берилеби, азырынча белгисиз. Учурда сүйлөшүүлөр, эсептөөлөр жүрүп жатканы кабарланууда. Тараптар орток пикир таба алабы?