Соңку бир сутка ичинде 12 медицина кызматкеринен коронавирус табылды

4486

Сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 116га жетти. «Алардын ичинен Бишкек шаарында 7, Ош облусунда 4 (Ноокат районунда 3, Өзгөн районунда 1), Ош шаарында бир медкызматкер илдетти жуктуруп алды», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 489 кишиге жетти. Алардын ичинен 116сы медицина кызматкери. Коронавирустан 114 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.