Соодагерлер кассалык аппараттардын коюлушуна каршы чыгышууда (видео)

4544

Кыргызстанда контролдук кассалык аппараттарды колдонуу талабына каршы чыккан ишкерлердин катары коюлууда. Кечээ Бишкектеги “Таатан” соода борборунда иштегендер митинг уюштурушса, бүгүн “Дордой” жана “Аламүдүн” базарларында тургандар нааразычылык акциясына чыгышты. Токмок шаарындагы соодагерлер дагы жаны талапка каршылыгын билдиришти.

Пандемияга байланыштуу чек аралар жабылып, соода жакшы болбой, товар айлантуу начар жүрүп жатканда кассалык машина колдонуу кошумча чыгымга алып келет дешет. Алар жаңы салдык кодексинен буга байланыштуу пунктту жокко чыгарууну талап кылышты. Салык кызматынын жообу кандай?