Сөөктү жерге берүүдө эки койдон ашык мал союуга тыюу салынат (видео)

781

Ысырапкорчулукка каршы аракеттер ишке аша баштады. Ош областынын Кара-Кулжа районунда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында ыксыз ырым-жырымдарды колдонууга тыюу салынды. Жергиликтүү кеңештин депутаттары, аксакалдар жана райондук администрациянын жетекчилиги биргеликте атайын эреже иштеп чыгышты.

Ага ылайык, тажияда эки койдон ашык жандык союуга тыюу салынат. Мындан тышкары, үчилик, жетилик өткөрүлбөйт, ашында дагы эки койдон ашык союлбайт. Кийит жаап, жыртыш таратуу болбойт. Көз көрсөтүп келгендерге чай берүү, жамандык чыккан үйгө союш алып баруу токтотулду. Эми аймакта атайын түзүлгөн комиссия бул эреженин аткарылышын көзөмөлдөйт.