Сооронбай Жээнбеков 6-8-июнь күндөрү Кытайга расмий сапары менен барат

886

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-8-июнь күндөрү Кытайга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Сооронбай Жээнбековдин алдыда күтүлүп жаткан сапары Кытай лидери Си Цзиньпиндин чакыруусу менен болууда.

Жолугушуу учурунда эки өлкө лидерлеринин кызматташуу боюнча маселелерди талкууланмакчы. Ошондой эле, ал сапардын алкагында 10го жакын эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүп жаткандыгы дагы айтылды. Расмий сапар 8-июнь күндөрү Пекинде болот.

Кийинки 2 күндө мамлекет башчы Циндао шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат. Бул жыйында эл аралык жана аймактык мамилелер талкууланары күтүлүүдө.