Сооронбай Жээнбеков айрым соттордун чечимдерин сынга алды

694

Сот тутумуна бөлүнгөн каражат көбөйгөнү менен, кайра ошондой кайтарым болбой жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте соттордун 11-курултайында билдирди. Өлкө башчы айрым соттордун чечимдерин сынга алды.

Президенттин айтымында, кээ бир судьялар бир эле чечим менен бүтүндөй бир системаны талкалап жатат. Андыктан сот системасына көлөкө түшүргөн судьялардан арылуу зарыл деди Сооронбай Жээнбеков. Фемида өкүлдөрүнүн баары эле жаман эмес. Бирок арасында “Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендер бар.

Алсак, кээ бир судьялар чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлкүн тартып алуу боюнча чечимдерди чыгарган, дейт президент. Ошол эле убакта оор кылмыш жасагандарга жеңил жаза берип, жоопкерчиликтен бошоткон соттор дагы бар. Буга мисал катары өлкө башчысы Ош областтык сотунун судьяларын келтирди. 14 кг банги заты менен кармалган чет өлкөлүк кылмышкерге мунапыс колдонулган.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков адилетсиз өкүм чыгарган, ишти кароону атайылап создуктаргандарга дагы токтолду. Эки жыл аралыгында мыйзам бузганы үчүн 10 судья иштен бошотулуп, дагы онуна карата кылмыш ишин козгоого уруксат берилген. 26 сот дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.