Сооронбай Жээнбеков айыл чарба министри Нурбек Мурашевди кабыл алды

840

Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды.

«Айыл чарба министрлиги аймактардагы фермерлерди жана ишкерлерди жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо боюнча каржылык институттар жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштеши керек. Кайра иштетүү ишканаларды куруу долбоорлорун даярдап, аймактардагы фермерлерге жана ишкерлерге жардам бериши керек. Бул биздин негизги максатыбыз болушу зарыл», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Министр Нурбек Мурашев учурда республикада 344 ири жана орто кайра иштетүүчү ишканалар иштеп жатканын, анын ичинен 50 ишкана акыркы үч жылда ишке киришкени боюнча маалымат берди.

«Министрлик аймактарда айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү күчөтүп, муну менен жергиликтүү фермерлерге продукциясын экспортко чыгарууга көмөктөшүүнү пландоодо. 2017-жылы биз маанилүү натыйжаларга жетиштик – кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшү 112 % түздү, экспортко чыккан кайра иштетилген продукциянын өсүшү 125 % түздү. Биз ЕАЭБге кирүүнүн жемишин көрө баштадык», — деп белгиледи министр Нурбек Мурашев.

Ал ошондой эле жакын арада россиялык мамлекеттик «Росагромаркет» компаниясынын адистери келишип, алардын катышуусу менен 2018-жылдын 12-13-февралында Бишкек жана Ош шаарларында фермерлер үчүн конференциялар уюштурула турганын билдирди.

Бул аянтчаларда Кыргызстандын экспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланат.