Сооронбай Жээнбеков ардагерлер менен аскердик каша жеди (видео)

1299

Бишкектеги «Өлбөс полк» жөө жүрүшү Жеңиш аянтындагы «Өчпөс отко» гүлчамбар коюу менен жыйынтыкталды. Бул иш-чарага Улуу Ата мекендик согуштун жана оруктун ардагерлери, мамлекет башчысы, Жогорку Кеңештин депутаттары жана бир нече өлкөнүн элчилери катышты.

Салтанатка келген чоң ата, чоң апалар 74 жыл мурда 9-майды кандай тосуп алганын эскерип жатышты. Майрамдык программанын расмий бөлүгү аскердик ботко жана 100 грамм берүү менен аяктады.