Сооронбай Жээнбеков бир күндүк иш сапары менен Москвага барды

1145

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча бир күндүк иш сапары менен Москва шаарына барды. Мамлекет башчысы «Лужники» стадионунда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле, президенттердин эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулаган жолугушуусу да күтүлүүдө. Белгилей кетсек, чемпионаттын ачылыш аземине 17 өлкөнүн лидери катышат.

Президенттик аппараттын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, Сооронбай Жээнбеков бул Чемпионатта Россия менен Германиянын курама командаларын сүрөйт.