Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы Балдар үйүнө барды

897

Мамлекет башчысы Балдар үйүнүн имаратын карап чыгып, балдарды тарбиялоонун шарттары менен таанышып, кызматкерлер менен баарлашты.

Балдарга белектер, таттуулар жана жемиштер тапшырылды. Ошондой эле Балдар үйүнүн имаратын оңдоп-түзөөгө 500 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Баарлашуу учурунда Жээнбеков ушунча баланы тарбиялап, багып, аларга мээримин төгүп, бүт өмүрүн арнап, эли-жерине жана Мекенге кызмат кыла турган балдар-кыздарды өстүрүп жаткан тарбиячыларга ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге ал балдар үйлөрүндө жана интернаттарда балдардын саны жылдан-жылга көбөйүп, жетим балдарга караганда, ата-энеси бар тирүүлөй жетимдер көбөйүп жатканын өкүнүү менен белгиледи.