Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Эркин экономикалык аймагына барды

759

Мамлекет башчысы «Тан Дем» монолиттик биметалл радиаторлорун чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты. Курулуш аянтында ишкананын башкы директору Тан Цзиенхуа жумуштардын жүрүшү жана жалпы технологиялык процесс жөнүндө маалымат берди. Анын билдирүүсүнө ылайык, компания монолиттик биметалл радиаторлорун чыгаруу боюнча өндүрүш линиясын курууну пландоодо. Заводду ишке киргизүү 2018-жылдын сентябрь айына пландалууда. 300дөн 500гө чейин жаңы жумушчу орундарын түзүү караштырылып жатат.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков кездеме чыгаруучу «Фая текстиль» заводун көрүп чыкты. Анда тигүүчү жиптерди, пахта кездемелерин чыгарышып, жип ийришет. Жумуш менен 100 адам камсыз болгон, жылдын аягына чейин алардын санын 200гө чейин көбөйтүү пландалууда.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы «Бишкек» Эркин экономикалык аймагына кирген субъектилери өндүргөн продукциялардын көргөзмөсүн көрүп чыкты. Ошондой эле мамлекет башчысы инфраструктуранын начар өнүккөнүнө жана «Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын энергия кубаттуулугунун жетишсиздигине көңүл бурду жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бул багытта иш жүргүзүүнү сунуш кылды.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун төрагасына, инфраструктурасын азыркы талаптарга жооп бергендей жакшыртуу үчүн Эркин экономикалык аймагы менен тыгыз байланышта иштөө тапшырылды. Акырында Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттө Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы жогорку атаандаштыктын шарттарында Эркин экономикалык аймакты өнүктүрүү боюнча көз карашты даярдоонун зарылчылыгын белгиледи.