Сооронбай Жээнбеков БУУнун сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко келди

568

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышып сөз сүйлөп, БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттериш жана бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолугушууларды өткөрөт.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков кечээ Нью-Йоркко учуп кеткен. Мындан тышкары Бириккен Улуттар Уюмунун китепканасында Кыргызстандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылышына катышат.