Сооронбай Жээнбеков Душамбеде Владимир Путин менен жолугушту

737

Душанбеде өтүп жаткан саммиттин алкагында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын президенти Владимир Путин жолугушуп, пикир алышышты.

Эки өлкөнүн башчылары Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусунун келечегин, КМШ, ЕАЭБ жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында биргеликте ишке ашырыла турган долбоорлор тууралуу пикир алышышты. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү арттырууга абдан чоң маани бере турганын белгиледи.

Өз кезегинде Владимир Путин эки тараптуу кызматташуу жакшы жолго коюлуп, мурдагы жолугушууларда макулдашылган пландар ишке ашканын белгилеп өттү.