Сооронбай Жээнбеков элчилерди кабыл алды (видео)

850

Беш өлкөнүн элчилери президент Сооронбай Жээнбековго ишеним грамоталарын тапшырды. Кыргызстанда дипломатиялык ишмердүүлүгүн жаңы баштаган Россия, Чехия, Бенин, Италия жана Кытайдын элчилерин тосуп алуу ардак кароолдун коштоосунда болду.

Ишеним грамоталарын тапшырган дипломаттар менен өлкө башчысы соода-сатык, экономика, билим берүү, туризм, маданият, айыл-чарба жаатында баарлашып, эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөшүштү.