Сооронбай Жээнбеков эртең иш сапары менен Душанбе шаарына барат

597

Президент Сооронбай Жээнбеков эртең эки күндүк визит менен Душанбе шаарына барат. Өлкө башчысын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чакырган. Эки күндүк расмий иш сапардын жүрүшүндө мамлекет жетекчилери кызматташтыкты арттыруу жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашып, чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын өкмөт башчысы жана парламенттин төрагасы менен жолугушат. Визиттин алкагында бир катар документтерге кол коюлат деп күтүлүүдө. Алардын арасында соода-экономикалык кызматташтык, саламаттыкты сактоо, маданият тармагына байланыштуу документтер бар.