Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды

1352

Ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуда катуу чараларды колдонуп, калк менен тыгыз иштешүү зарыл. Мындай талаптарды президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алып жатып билдирди.

Башкы тартип сакчы быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин чечими менен ички иштер органдарынын алдына коюлган олуттуу милдеттерди ишке ашыруу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам чаралар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында тармакта жылыштар бар экенин, бирок алдыга коюлган конкреттүү максаттарга жетиш үчүн дагы көп иштеш керек, деп баса белгиледи.

Ошондой эле, милициянын иши мыйзамга гана таяныш керек экендигин айткан мамлекет башчысы тилекке каршы бул тармакта коррупция деңгээли жогору экенин жана милиция кызматкерлеринин көп сандаган мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган статистикалык маалыматтарды келтирди. Министр Улан Исраиловго бул көрүнүштөр менен аёосуз күрөшүү тапшырмасы берилди.