Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды

954

Силердин алдыңарда коррупцияны жоюу боюнча олуттуу милдет турат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алып жатып билдирди. Мамлекет башчысы башкы тартип сакчыга милициянын катарын “погончон кубулмалардан» тазалоо ишин күчөтүп, кылмыштуулук менен күрөштү активдештирүүнү тапшырды.

Ошондой эле, ички иштер органдарынын катарын милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштер менен шугулданган, а түгүл кылмыштуу иштерге, анын ичинде баңги заттарын мыйзамсыз айлантууга байланышкан кылмыштарга аралашкан кызматкерлерден тазалоо боюнча жумушту күчөтүү милдетин койду. Тармакты реформалоого байланыштуу бардык иш-чараларды аягына чыгаруу зарыл, дейт мамлекет башчысы.

Атайын жүргүзүлгөн сурамжылоолордо ички иштер органдары алдыңкы катарда экенин да эскертип өттү. Буга кшумча, ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чаралар жана тапшырмалар талкууланды.