Сооронбай Жээнбеков илим тармагында эмгектенгендерге сыйлык тапшырды

1729

«Билим жана илим — мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүн камсыз кылган негизги фактор болушу керек». Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков илим жана техника жаатында мыкты жетишкендерге ээ болгон 11 окумуштууга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.

Иш-чарага Кыргыз медициналык академиясынын офтальмология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору Олжобай Жумагулов, медицина илимдеринин кандидаттары Алмазбек Ботбаев, Марта Дикамбаева, Валентина Усенко, Азизбек Эшмамбетов чакырылган. Аларга “Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам берилди.

Мындан сырткары, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековго, анын окуучусу Бектур Анаркуловго “скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо“ иши үчүн Касым Тыныстанов атындагы сыйлык берилди. Мындан сырткары дагы бир катар илимпоздор илимий иштери үчүн сыйланды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.