Сооронбай Жээнбеков Иран президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты

984

Иранда учактын кыйрашынан адамдардын курман болгонуна байланыштуу, президент Сооронбай Жээнбеков Хасан Роуханиге көңүл айтты.

«Карадж шаарындагы аба майданында учак кулап, жарандардын каза тапканы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан набыт кеткендердин үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтып, кырсыктан жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин каалайм», деп айтылат мамлекет башчы жөнөткөн телеграммада.

14-январда Бишкектен эртең мененки саат жетиде учуп чыккан учак Иранда кыйраган. Анын ичиндеги 16 кишинин бирөө гана аман калган. Учак Таиланддан бош келип, бул жактан 30 тонна эт жүктөлүп Иранга сапар алган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.