Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен областында болду (видео)

1213

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен областында болду. Анда жаңы чек ара тозотунун ачылышына катышып, кесиптик билим берүү жайына барды. Ошондой эле, Ош-Баткен-Исфана авто жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышкан. Жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда баткендиктер президентке бир топ маселелерин айтып беришти.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, жергиликтүүлөр жол, суу, социалдык мекемелердин эскилигинин жетиши сымал көйгөйлөрдү көтөрүштү. Алардын ар биринин суроосуна президент жана тиешелүү аткаминерлер жооп берди.