Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Душанбе шаарына барат

724

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Тажикстандын борбору Душанбе шаарына барат. 28-сентябрда ал жакта Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин саммити өтөт.

Мамлекет башчылар кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүнүн беш жылдык программасын кабыл алышат, маалыматтык технологиялар жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулашат. Жалпысынан 18 документ кабыл алынат.

2020-жылы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого карата даярдык тууралуу да сөз болот.