Сооронбай Жээнбеков: «Ислам академиясы Кыргызстанда ачылат» (видео)

1233

Келечекте Ислам Академиясын түзүп, анын ишмердигин мамлекет өз көзөмөлүндө кармашы керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан “Ислам азыркы светтик мамлекетте” деген аталыштагы II эл аралык конференциянын ачылышында айтты. Мамлекет башчысы Конфессиялар ортосундагы ынтымакты, динге ишенгендер менен өздөрүн динден тышкары эсептегендердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана сый мамилени чыңдоо керектигин айтты.

Белгилей кетсек “Ислам азыркы светтик мамлекетте” деген аталыштагы экинчи эл аралык конференция дагы уланат. Иш-чарага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мамлекеттик мекемелердин диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери белгилүү эксперттер жана окумуштуулар катышууда.