Сооронбай Жээнбеков Жаштар конгрессине катышты (видео)

709

Жаштарды ар тараптуу колдоп, алар баштаган иштерге көмөк көрсөтүү зарыл. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте башталган Жаштар конгрессинде айтты. Мамлекет башчысы өзгөчө билим берүү, социалдык коргоо, майда жана орто бизнес тармактарындагы активдүү жаштарга кайрылып, кандай гана дымактуу инновациялык долбоорлор болбосун коомго алып чыгып, ишке ашыруунун бардык аракетин көрүү керектигин белгиледи.

10-ноябрь Эл аралык жаштар күнүнө карата уюштурулган жыйын эртең да уланат. Ага өлкөнүн ар аймагынан жигердүү жаштар катышууда. Буга чейин «Жаштар жумалыгы» деп аталган өнөктүк өтүп, анын алкагында спорт, илим, билим берүү, экология, инновациялар, маданият жана искусствого арналган иш-чаралар уюштурулган болчу.