Сооронбай Жээнбеков күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кабыл алды

694

«Коррупциялык кылмышка тиешеси бар ар бир чиновник мурдагы жетишкендиктерине жана эмгегине карабастан сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш». Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен Антикоррупциялык кызматынын директору Сагынбек Исмаиловду кабыл алуу учурунда билдирди. Бул жолугушууга Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да катышты.

Анда Улуттук коопсуздук жаатындагы жетекчилер быйыл 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышы жана мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.

Тактап айтканда, Бишкек жылуулук электр борборундагы авария жана модернизациялоо, жеке жактарга республикалык бюджеттен негизсиз кошумча нарк салыгын кайтарып берүү фактылары жана башка коомдо резонанс жараткан иштер боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалыматтар айтылды. Бул жаатта жылыштар бар экенин белгилеген президент, алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн дагы катуу аракеттенип, колдо болгон бардык күчтөрдү жана каражаттарды пайдалануу зарылдыгын эскертти.

Ошондой эле, сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чараларды көрүп, калк менен тыгыз иштешүү талабын койду.