Сооронбай Жээнбеков: «Кыргыз сому — валюта катары өз ордун тапты»

1003

Бул тууралуу сомдун 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн эл аралык конференцияда президент Сооронбай Жээнбеков айтты.

1993-жылы Кыргызстан мурдагы совет республикаларынын арасынан биринчилерден болуп өзүнүн улуттук валютасын киргизген жана бул туура чечим болгон, дейт мамлекет башчы. Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, кыргыз сому 25 жылда оор жолду басып өтүп, олуттуу сыноолорго туруштук берди.

Ошондой эле, президент улуттук валюта киргизилгенден кийин Кыргызстан экономикалык коопсуздук, банк жана төлөө системасынын туруктуулугу, өз алдынча финансылык пландоо жана көзөмөлдөө артыкчылыктарына ээ болгонун кошумчалады.