Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет мамлекеттеги элчилерин кабыл алды

839

Кыргызстан менен АКШнын ортосунда кызматташтык тууралуу жаңы келишим даярдалууда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков элчилер менен жолугушууда билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттардын кайтарылышы Америка менен болгон иштин алгылыктуу башаты. Бул багытта жумуштар үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилери менен жыйын өткөрүүдө. Анда тышкы саясаттагы негизги багыттар тууралуу сөз болду. Жыйындын жүрүшүндө Жээнбеков Париж менен Рим шаарларында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу пландалып жатканын айтты.

Анткени бул калааларда иштеген мекендештердин саны өскөн. Ошондой эле президент Германия, Франция, Швейцария, Венгрияга жана Азербайжанга расмий сапар менен барары белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.