Сооронбай Жээнбеков Кытайда «Манас» операсын көрдү

938

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасаган үч кундук мамлекеттик сапарынын алкагында Пекин шаарында «Манас» операсы көрсөтүлдү. 200 актер катышкан опера Тянь-цяо искусство борборунда өттү. Ага мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргызстандан барган делегация, Кытайдын өкмөт өкүлдөрү жана ошол жакта окуган кыргызстандык студенттер менен жергиликтүү көрүүчүлөр күбө болушту.

Опера манасчы Жусуп Мамайдын версиясындагы эпос боюнча коюлган. «Манас» жөнүндө Кытайдын башчысы Си Цзиньпин буга чейин бир нече жолу айтып, ал дүйнөдөгү эң чоң эпостордон экенин белгилеген. Ошентип Жусуп Мамайдын варианты менен Кытайдагы белгилүү режиссерлор жазган сценарий менен даярдалган «Манас» операсы аншлаг менен өттү.

Ал аяктаган соң, президент Сооронбай Жээнбеков артисттерге жана операны коюуга катышкандардын баарына бул мыкты көркөм чыгарманы жаратканы жана аткаруучулук чеберчиликтери үчүн ыраазычылыгын билдирди.