Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапар менен Кытайга барды

871

Пекиндин аэропортунда мамлекет башчыны тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханхуей ардактуу кароолдун ротасы менен тосуп алды. Бүгүн Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин менен жолугуп, жалпысынан сапар 5 күнгө созулат.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай алакасын жакшыртуу маселеси талкууланат. Визит учурунда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган он чакты документке кол коюлаары айтылууда. Анын ичинде, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен декларация бар.

Мамлекеттик визиттин алкагында, президент Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен катар эле Мамлекеттик Кенештин премьери Ли Кэцян, Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат.

Андан соң президент Сооронбай Жээнбеков 9-10 июнда өтө туган Шанхай уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына барат.