Сооронбай Жээнбеков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

1400

Бүгүн Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик майрамы. Учурда өлкөдө 80 миңге жакын эл агартуучу балдарга билим берип келет. Мугалимдердин орточо маянасы 11 миң сомду түзөт.

Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай, 2015-жылдан бери эжей-агайлардын айлыгы 50 пайызга чейин көтөрүлгөн. Мамлекеттин саясатында билим берүү артыкчылыктуу багыт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун мугалимдердин майрамына карата жолдогон куттуктоосунда айтылат:

«Урматтуу мугалимдер, билим берүү тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Бул күн ар бирибизге жылуу сезимдерди тартуулайт. Биздин жүрөгүбүзгө билим нурун салган мугалимдерибизге таазим этебиз. Билим дүйнөсүнүн ачкычы мугалимде.
Чыныгы мугалим жаш муундарды билим менен гана сугарбастан, адамдык мыкты сапаттарга үйрөтөт, турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Мугалим — тарбия башаты.
Өлкөнүн өнүгүүсү сапаттуу билим менен бекем байланышкан. Мамлекеттин саясатында билим берүү — артыкчылыктуу багыт. Өлкөбүздө мугалимдин эмгегин татыктуу баалап алууга аракеттер тынымсыз жүрүп келет. Мугалимдердин коомдук кадыр-баркын, статусун бекемдөө менен гана билимдин сапатына жетишебиз.
Урматтуу мугалимдер, мындан ары да сиздер эгемендүү Кыргызстандын татыктуу жарандарын калыптандырууга өз салымыңыздарды кошо бересиздер деп ишенем.
Сиздерге терең ыраазычылык билдирүү менен баардыгыңыздарга бакыт-таалай, чың ден-соолук, бакубаттуулук каалайм. Ишиңиздерди дайыма ийгилик коштоп жүрсүн!»