Сооронбай Жээнбеков мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 2,3 млн. сом бөлдү

2965

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Майыптардын эл аралык күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берген коомдук уюмдарга каражат бөлүп берди. Президентке караштуу билим берүү фондунан бөлүнгөн сумма 2 миллион 300 миң сомду түздү.

Мындай чечим ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын инсандык сапаттарын өркүндөтүү жана инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүүнүн алкагында реабилитациялык жана социалдык адаптациялоо боюнча иштерди жана демилгелерди колдоо максатында кабыл алынды.

Буйрукка ылайык, республиканын бардык аймактарында жайгашкан 23 коомдук мекеменин ар бирине 100 миң сомдон каражат таратылат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.