Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

842

Бүгүн Минск шаарында Кыргызстан менен Казакстандын президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Лидерлер Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинин алкагында жолугушуп, чек арадагы абалды талкуулашты. Анда эки эл ортосундагы жакшы кошуналык мамилелерди кайра калыбына келтирүү керектиги айтылып, президенттер төмөндөгүдөй чечимге келишкен. Эми эки тараптан тең чек арада көзөмөл орнотулат.

Ошондой эле, Евразиялык экономикалык биримдиктен үчтөн адам жүктөрдү карап, өткөрүп турушат. Ушундай эле ыкма боюнча Кытай менен чек арада дагы текшерүү жүргүзүлөт. Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөттөрү декабрь айынын ичинде жол картаны иштеп чыгышы керек.

Ал эми чек ара “жол картасына” кол коюлганча ачылат, деди президент Сооронбай Жээнбеков. Жолугушууда Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.