Сооронбай Жээнбеков парламенттеги үч фракция лидерлерин кабыл алды

772

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги көпчүлүктүн коалициясындагы КСДП, «Бир Бол» жана «Кыргызстан» фракцияларынын жетекчилерин кабыл алды. Жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен президенттин аппаратынын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев да катышты.

Анда саясий альянстын лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим алганын маалымдап, бул аракет өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып жатканын белгиледи.

Ошондой эле, коалициялык көпчүлүктүн курамында да өзгөрүү болуп, ага буга чейин оппозициялык азчылыкта болуп келген «Республика-Ата-Журт» фракциясы кире турганы кабарланды.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн туруктуулугу өлкөнүн өнүгүүсүн шарттай турганын белгилеп, парламенттин аткаруу бийлиги менен болгон ишине ийгилик каалады.