Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Өзбекстанга барат

643

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-14 декабрь күндөрү Өзбекстанга расмий иш сапары менен барат.

Ага карата көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өлкө башчысына маалымат берди.

Жолугушууда президент алдыдагы эл аралык сапарга байланыштуу бир катар иштерди аткарууну тапшырды.