Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Казакстанга барат

1266

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Казакстанга барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди. Мамлекет башчысынын визити 25-26 декабрь күндөрү өтүп, анда тар жана кеңири форматта эки тараптуу жолугушуулар болуп, олуттуу маселелер талкууланат. Өзгөчө Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында кызматташуу маселесине көңүл бөлүнөт.

Эске салсак, эки өлкө президенттери Минскте өткөн ЖККУнун отурумунунун алкагында жолугушуп, анда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык алакасынын «жол картасына» кол коюшкан. Келерки дүйшөмбү күнү боло турган сапарда кыргыз-казак чек арасындагы тартип жана демаркация боюнча макулдашууга кол коюлуусу күтүлүүдө.

Бул жолугушуудон кийин президент Сооронбай Жээнбеков Россияга жумушчу сапары менен жөнөп кетүүсү пландалганы да белгиленди. Москвада мамлекет башчы Владимира Путин менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулайт.