Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Казакстанга барды

803

Астана шаарындагы эл аралык аэропортто өлкө башчысын кошуна мамлекеттин премьер-министринин орун басары Аскар Мамин баш болгон өкмөт мүчөлөрү тосуп алышты. Аэропортто ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Сапардын алкагында, Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин тар жана кеңири курамда жолугушуулары пландаштырылган. Анын жүрүшүндө, эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана ЕАЭБдин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт.

Сапардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлуп, мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү жасашат. Президент Сооронбай Жээнбеков эртең андан ары Москвага расмий сапар менен жөнөп кетет.