Сооронбай Жээнбеков саясий абал боюнча билдирүү жасады (видео)

744

Мамлекетти белчесинен карызга батыргандар уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү. Бирок бардыгы мыйзам алдында бирдей. Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ал акыркы убакта коом ашкере саясатташып кеткенин айтты.

Айрым саясий күчтөр коррупцияга каршы күрөшкө саботаж кылууга аракет кылып жатат, дейт өлкө башчысы. Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү туруктуулук, коомдун биримдиги, улуттар аралык ынтымак — негизги байлык экенине токтолду. Эскерте кетсек, өткөн аптада экс-президент Алмазбек Атамбаев кескин сын пикирлерди айтып, эки айдан кийин элди митингге чыгараарын билдирген.