Сооронбай Жээнбеков согуш ардагерлеринен кабар алды (видео)

1459

Эркиндик жана тынчтык үчүн күрөшкөн ардагерлердин каармандыгы жана эрдиги кийинки муундар үчүн үлгү. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен баарлашууда айтты.

Өлкө башчысы Усубакун Байсаловго жана Алексей Варавинге үйүнө барды. 18 жашында аскерге чакырылып, кан майданга катышкан Усубакун Байсалов жеңишти Польшадан тоскон. Ал эми 98 жаштагы Алексей Варавин 1942-жылы Воронеж фронтуна жөнөтүлүп, жарадар болгон.