Сооронбай Жээнбеков спортчуларга сыйлык тапшырды (видео)

707

Жеңишке умтулган спортсмендерди ар дайым ардактап алууга даярбыз. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 18-Азия оюндарынан байгелүү кайткан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда билдирди. Салтанаттуу иш-чарада мамлекет башчысы 2 ай мурда оюнчуларды Индонезияга жакшы тилектер менен узатканын эске салып, бул жолугушуу чоң кубаныч тартуулап жатканын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө спорстмендер менен алардын машыктыруучуларына бир жолку акчалай сыйлыктар дагы тапшырылды. Оюнчулар аларга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп жатканына ыраазычылыгын билдиришип, бул күчтүү стимул болорун белгилешти.