Сооронбай Жээнбеков Тажикстанда расмий иш сапары менен жүрөт

657

Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Тажикстанга учуп барды. Мамлекет жетекчисин Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзаде ардактуу кароолдун ротасынын коштоосунда тосуп алды. Визиттин алкагында, мамлекет башчысы Тажикстандын президенти, өкмөт башчысы жана парламентинин спикери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт.

Күн тартибиндеги суроолордун арасында — кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алаканы күчөтүү боюнча суроолор бар. Ошондой эле, бул расмий иш сапардын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлуп, эки мамлекет башчысы биргелешкен билдирүү жасашары күтүлөт.

Эки күнгө созулган расмий сапар Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен болууда. Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашып, анын тең жарымы тактала элек.